Саясат
Президент Садыр Жапаровдун кызмат ордун үч күндүн ичинде карайт
Элита плюс
Октябрь 13, 2020 г.
Президент Садыр Жапаровдун кызмат ордун үч күндүн ичинде карайт
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Президент Садыр Жапаровдун кызмат ордун үч күндүн ичинде карайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, Садыр Жапаровду премьер-министр кызмат ордуна бекитүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому президенттин аппаратына келип түштү. 

"Үч күндүн ичинде Сооронбай Жээнбеков кол коюуга, же каршы пикирин билдирип документти кайтарып берүүгө милдеттүү. Мамлекет башчысы тиешелүү жарлыкка кол койбогон учурда дагы Садыр Жапаров Конституцияга ылайык мыйзамдуу премьер-министр боло алат", - деп берилет маалыматта.