Президент
Президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат
Элита плюс
Март 15, 2023 г.
Президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат
© Элита плюс

Президент Садыр Жапаров 15-16-мартта Анкара шаарына (Түркия Республикасы) иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сапардын алкагында мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин Уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Саммитинин кезексиз жыйынына катышат.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам”.

Тараптар табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелерин талкуулашат.

Саммиттин ишине уюмга мүчө-мамлекеттердин – Кыргыз Республикасынын, Түркия Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын башчылары катышат. Алдыдагы саммиттин ишине Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы ТМУда байкоочу макамына ээ өлкөлөр катары катышат.

Сапардын алкагында мамлекет башчысынын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу да пландалып, анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат”, - деди Муратбек Азымбакиев.