Президент
Президент Садыр Жапаров Мустафа Шентопту кабыл алды
Элита плюс
Июнь 24, 2022 г.
Президент Садыр Жапаров Мустафа Шентопту кабыл алды
© Элита плюс
Президент Садыр Жапаров Мустафа Шентопту кабыл алды
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн 24-июнда, Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентопту кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде парламент аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз жана түрк элдерин маданият жана салттагы жалпы баалуулуктар байланыштырып турарын белгиледи.

“Биз эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө дайым даярбыз”,- деди Президент.

Садыр Жапаров, күзүндө Түркиянын Изник шаарында кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн эске салып, Кыргызстан ага катышууга ниеттенип жетканын белгилеп, кыргыз тарап уюштуруучулук маселелерде жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп Кыргызстанга бир катар актуалдуу маселелер талкуулана турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) ХI пленардык жыйынына катышуучу парламенттик делегацияны жетектеп келгенин билдирди.

Мустафа Шентоп Кыргызстан менен кызматташтык, анын ичинде соода-экономикалык багытта дагы жакшы ыргакта өнүгүп жатканын белгиледи.

Ал түркиялык парламенттин өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өстүрүүгө салым кошууга даярдыгын билдирди.