Президент
Президент Садыр Жапаров Азаттык радиосу медиакорпорациясынын президенти Джейми Флайды кабыл алды
Элита плюс
Февраль 11, 2023 г.
Президент Садыр Жапаров Азаттык радиосу медиакорпорациясынын президенти Джейми Флайды кабыл алды
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Эркин Европа/Азаттык радиосу медиакорпорациясынын президенти Джейми Флайды анын өтүнүчү менен кабыл алды.

Мамлекет башчы Кыргызстанда эркин жана демократиялык өлкө катары көз карандысыз маалымат каражаттарынын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар бар экенин, сөз эркиндиги болсо коомдун турмушунун ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров баардыгы үчүн бирден-бир талап – бул улуттук мыйзамдарды сактоо экенин, ага ылайык жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынганын баса белгиледи.

Өз кезегинде Джейми Флай Мамлекет башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жогорку деңгээлин ырастады.