Президент
Президент : "Парламенттик шайлоонун адилеттүү өтүшүнө кызыкдармын"
Элита плюс
Сентябрь 26, 2020 г.
Президент : "Парламенттик шайлоонун адилеттүү өтүшүнө кызыкдармын"
© Элита плюс

«Шайлоонун ачык, адилеттүү, таза өтүшүнө биринчи кезекте Президент катары мен кызыкдармын», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү эки элдик толкундоонун негизги себеби дал ушул шайлоо болгондугун, ал окуялар, биринчи кезекте, бийликтегилерге чоң сабак болуш керектигин белгиледи.

«Ошондуктан, шайлоонун ачык, адилеттүү, таза өтүшүнө биринчи кезекте мен, Президент катары кызыкдармын. Жана ушуга зарыл болгон бардык иш-чараларды мыйзам алкагында тиешелүү органдар менен жасап жатабыз. Укук коргоо органдарынын шайлоо учурунда өлкөдөгү тынчтыкты сактоо, чагымчылдыкка жол бербөө иштери өзгөчө көзөмөлдө турат азыр», — деп айтты Президент.

Шайлоону тынч, кыргызстандыктардын тынч жашоосун бузбай өткөрүү — анын президенттик негизги милдети экенин ал дагы бир жолу баса белгиледи. Сооронбай Жээнбеков ар бир кыргызстандык колдойт деп ишенерин билдирди.

«Ар бирибиз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Кыргызстандын өнүгүүсү, коомдун тынчтыгы — ар бирибиздин колубузда. Эч бир күч биздин Мекенибизде кандайдыр бир эксперимент жүргүзүүгө акысы жок жана ага, буйруса, жол бербейбиз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Борбордук шайлоо комиссиясы, өкмөттө түзүлгөн Республикалык штаб, укук коргоо органдарынын иши күчөтүлгөн тартипте болушу керектигин баса белгиледи.

«Коомчулукка маалыматты өз учурунда берүү абдан маанилүү. Болбосо, имиш кептер, божомолдор да өзүңүз айткандай коомчулукту дүрбөлөңгө салып коет. Ошондуктан маалыматты биз такай, өз учурунда берип турушубуз керек. Ар кимибиз өз милдетибизди так аткарып, мыйзамдуулукту ар кимибиз сактасак эле шайлоо тынч өтөт, буйруса», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.