Президент
Президент Оштогу Нариман орто мектебине барды
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
Президент Оштогу Нариман орто мектебине барды
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы Нариман орто мектебинин кошумча окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Урматбек Көкөчаров мектептин курулуш иштери коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгында каражат келип түшкөн Бирдиктүү депозиттик эсептен каржыланып жатканын маалымдады. 500 окуучуга ылайыкташкан үч кабаттуу окуу корпусунда 24 окуу бөлмөсү, ашкана, медициналык кабинет, мугалимдер бөлмөсү, китепкана жана окуу залы бар. Бүгүнкү күндө негизги курулуш иштери бүткөрүлгөн. Объектини ноябрь айында пайдаланууга берүү пландаштырылган. Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен баарлашууда жаңы мектептердин, окуу корпустарынын курулушу боюнча долбоор мектептердеги класстардын жетишсиздик көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөрүн белгиледи. Бул көйгөй айрыкча Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле ички миграциянын негизги агымы болуп жаткан Чүй облусунда курч турат. Жыйынтыгында бир катар мектептерде балдар үч нөөмөт менен окуп, ар бир класста 50гө чейин бала отуруп, бир партада төрттөн бала окуп, окуучулар батпай келет. Мамлекет башчысы кошумчалагандай, үтүбүздөгү жылда каражаттын көбү коронавирус инфекциясы менен көрүшүүгө жумшалган, бирок ага карабастан, маанилүү болгон долбоорлорду, анын ичинде жаңы мектептерди курууну жана авариялык мектептерди оңдоп-түзөөнү каржылоо эч нерсеге карабастан улантылат.