Президент
Президент Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропортторду куруу долбоорлору менен таанышты
Элита плюс
Май 01, 2023 г.
Президент Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропортторду куруу долбоорлору менен таанышты
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 1-майда, Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропортторду куруу долбоорлору менен таанышты.

Мамлекет башчысы жаңы аэропорттор курула турган жер тилкелерин көрүп чыкты. 

Долбоорго ылайык, бул бардык эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берген жаңы тилкелерде курулган толук кандуу аэропорттор болот. 

Тилкелерди кароонун жүрүшүндө Садыр Жапаров Ош жана Жалал-Абад шаарларында эски аэропорттордун ордуларындагы аймакты комплекстүү пайдалануу зарылдыгын белгиледи – заманбап турак жай кичирайондору курулат. 

Иштеп жаткан “Ош” эл аралык аэропортунун аймагынын жалпы аянты 168 га жана иштеп жаткан “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун аймагынын жалпы аянты  78,2 га түзөт.

Бул аймактарда курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген ипотека менен берилет.

Президент Садыр Жапаров эл аралык жарандык авиациянын бардык талаптарына жооп бере турган аэропортторду куруу боюнча даярдык иштерин күчөтүүнү тапшырып, бул туризмди өнүктүрүүнүн негизги фактору экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчысынын демилгеси менен аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу жана ички авиакаттамдарды калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат.