Президент
Президент Орусияга учуп кетти
Элита плюс
Июнь 23, 2020 г.
Президент Орусияга учуп кетти
© Элита плюс

Президент Сооронбай  Жээнбеков бүгүн Орусиянын Москва шаарына иш сапары менен учуп кетти. Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат. Иш сапардын алкагында мамлекет башчы Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.