Президент
Президент Нарындагы сүт иштетүүчү ишкананын ишмердиги менен таанышты
Элита плюс
Август 19, 2020 г.
Президент Нарындагы сүт иштетүүчү ишкананын ишмердиги менен таанышты
© Элита плюс

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-августта, Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районундагы сүт иштетүүчү ишкананын ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Ишкананын жетекчиси Болот Төлөнов учурда заводду кеңейтүү максатындагы долбоордун алкагында жалпы сметалык баасы 72 млн сомду түзгөн, эл аралык стандарттарга ылайыкташкан жаңы сүт заводунун курулуп жатканын маалымдады.

Өндүрүштү кеңейтүү сүттү кайра иштетүүнү суткасына 10-20 тоннага чейин жеткирип, 100-150 жаңы жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет жана Кочкор, Жумгал райондорунун фермерлерине сүт сатууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Буга чейин ишканага насыялык колдоону «Айыл Банк» көрсөтүп келген. Бүгүнкү күндө долбоорду толук жүзөгө ашыруу үчүн дээрлик 26 миллион сом кошумча каражат талап кылынат.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардын экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, жергиликтүү калкты жумуш орду менен камсыз кылган ишкананын ийгиликтерин канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы долбоорду ишке ашырууда жана заводдун ишине мындан аркы ийгиликтерди каалап, мамлекет региондордо ишкердикти колдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын эске салды.