Президент
Президент Ливандын президентине көңүл айтты
Элита плюс
Август 05, 2020 г.
Президент Ливандын президентине көңүл айтты
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков Ливан Республикасынын Президенти Мишель Аунга Бейрут шаарындагы жарылуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Ливандын борбору Бейрут шаарында болуп өткөн кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргыз эли каза болгондордун жакындарына кайрат айтат жана алардын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөт. Бардык жабыр тарткандардын тез сакайышын тилейм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Белгилей кетсек, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарындагы деңиз портунда катуу жарылуу болду. Ондогон киши өлүп, миңдеген адам жаракат алды.

Бейруттун порттор жайгашкан бөлүгүндөгү жарылуудан жакын жайгашкан имараттардын айнектери күбүлүп, көптөгөн мекемелер зыянга учурады. Жергиликтүү тургундар жарылуунун үнү 200 чакырым алыстыктагы Кипрде да угулганын билдиришүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча каза болгондор 78 кишиге жетти. Алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Өлкөнүн премьер-министри Хасан Диаб 5-августту аза күтүү күнү деп жарыялады.