"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Коом
Президент коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алды
Элита плюс
Август 13, 2021 г.
Президент коронавируска  каршы вакцинанын экинчи дозасын алды
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13–августта, уулу менен бирге коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын экинчи дозасын алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы вакцинанын экинчи дозасын борбор калаадагы мобилдик эмдөө пункттарынын биринде алды.

Мекендештерге кайрылып жатып Садыр Жапаров ар бир кыргызстандык үчүн эмдөөдөн өтүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи.

Ал Кыргызстанда бүгүнкү күндө эмдөөдөн өткөн жарандардын саны дагы деле аз болуп жатканын өкүнүү менен белгиледи.

«Өлкөнүн бардык жарандарын активдүү түрдө вакцина алууга чакырам. Бул вирусту жеңүү үчүн четте карап турбастан коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүү зарыл. Биз бул илдеттин абдан олуттуу экенин түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан мен бардык кыргызстандыктарды бул маселеге мүмкүн болушунча активдүү катышууну өтүнөм», - деп кайрылды Садыр Жапаров өлкө жарандарына.