Президент
Президент Каныбек Исаков менен окуу процессин уюштуруу маселелерин талкуулады
Элита плюс
Июль 22, 2020 г.
Президент  Каныбек Исаков менен окуу процессин уюштуруу маселелерин талкуулады
© Элита плюс
Президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен коронавирус пандемиясы шартында окуу процессин уюштуруу маселелерин талкуулады
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен онлайн кеңешме өткөрдү.
Коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартында окуу процессин уюштуруу чаралары, билим берүү тутумун санариптештирүү, анын азыркы күндөгү абалы менен өнүгүү келечеги талкууланды.
 
Министр Каныбек Исаков 2019/2020-окуу жылынын жыйынтыгы үстүбүздөгү жылдын март айында иштелип чыккан антикризистик планга ылайык жыйынтыкталгандыгын билдирди.
Предметтик комиссиялар тарабынан окуучулардын ар кандай сынактарга, олимпиадаларга катышуусун эске алуу менен чейректик, жарым жылдык баалардын негизинде жыйынтык баалары чыгарылган.
ЖОЖ студенттери жана орто кесиптик окуу жайлардын окуучулары экзамендерди санарип технологиялардын жардамы менен онлайн-форматта тапшырышты.
Алдыңкы тажрыйбаларды, заманбап билим берүү ыкмаларын иликтөө, натыйжалуу практиканы киргизүү жана колдонуу максатында мугалимдер арасында «Санарип педагогика» аттуу республикалык сынак өткөрүлдү.
Каныбек Исаков өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер болгон бүтүрүүчүлөр үчүн «Алтын тамга» тестирлөөсү бардык санитардык талаптарды сактоо менен ийгиликтүү өткөнүн маалымдады.
Ошондой эле жалпы республикалык тестирлөө реалдуу режимде бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин сакталышы менен ийгиликтүү өткөрүлдү. Ага жалпы республика боюнча 43 миңден ашуун бүтүрүүчү катышты.
Министр 2020/2021-окуу жылына жогорку жана орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн-форматта ишке ашырылаарын кошумчалады. Буга «Абитуриент онлайн» деген автоматташтырылган маалыматтык тутум иштелип чыккан.
Жаңы окуу жылында биринчи чейректеги билим берүү процессин дистанттык режимде уюштуруу боюнча даярдыктар көрүлүп жатканын белгиледи. Бирок эпидемиологиялык кырдаал жакшырып калса, окуучулар реалдуу режимде окуй алышат.
Август айынан баштап мугалимдер үчүн онлайн-форматта окутуу боюнча вебинарлар башталат.
Каныбек Исаков учурда министрликте педагог-практиктерден, эксперттерден, менеджерлерден турган эксперттик-консультативдик кеңеш азыркы түзүлгөн кырдаалда билим берүү процессин уюштуруу боюнча чечимдерди жана сунуштарды иштеп чыгуу менен алектенип жаткандыгын маалымдады.
Мындан сырткары, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте эпидемиолог, инфекционист, вирусолог, пульмонолог адистиктери боюнча бир багыттуу профилдөөгө бюджеттик квоталарды көбөйтүү боюнча иштер башталгандыгын кошумчалады.
Президент Сооронбай Жээнбеков оорунун жайылуусу жүргүзүлүп жаткан ишке таасирин тийгизбеши керектигин белгиледи. Пандемиядан улам келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү менен биргеликте келечекте билим берүү тутумун өркүндөтүү маселелерин иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.
Өлкөнүн негизги байлыгы жарандар экенин, мамлекеттин милдети жаш муундардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү экендигин өзгөчө белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясынын шартында билим берүү тутумун санариптештирүүнүн мааниси мурдагыдан да актуалдуу болуп калгандыгына токтолду.
Учурдагы түзүлгөн кырдаалдан максималдуу тажрыйба топтоого, заманбап, алдыңкы технологияларды колдонуу менен санарип билим берүүнү өркүндөтүүгө чакырды.