Президент
Президент Чубак ажынын ден соолугун сурап турган
Элита плюс
Июль 13, 2020 г.
Президент Чубак ажынын ден соолугун сурап турган
© Элита плюс

“Чубак ажы Жалиловду Бишкектеги Улуттук госпитал кабыл албай койгон» деген маалымат соцтармактарда тарап кеткен. Бул маалыматты устаздын эң жакын достору төгүндөдү.

Кымбаттуу туугандар,
Биз урматтуу аалымыбыз Чубак Ажыны узатуу менен алек болуп журүп, бүгүн интернеттеги, соцсеттердеги комментарийлерди окуп, ушул маалыматты берели деп чечтик. Биз, достору, ооруп калган күндөн тартып, ооруканага жеткенче жанында болдук.
Чубак ажы ооруп калганын угуп, апта башында Президентибиз Сооронбай Шарипович өзү телефондон ал-акыбалын сураган.
Чубак ажы үйдөн эле дарыланып, сакайып кетем деп, үйдө дарыланып жаткан. Дайыма эле ооруп калса ошентип эле сакайып кетчү.
Жума күнү кечинде Президенттин жардамчысы чалып, Аалымдын акыбалын сурады. Мурункуга караганда начарлаганын, дем алуусу кыйындап жатканын айтсак, тезинен госпитализация кылыш керек турбайбы деп, саламаттык сактоо министринин орун басарына дайындап, улуттук госпиталда орун бар экенин айтышып, тезинен ал жерге алып бардык.
Келери менен врачтар дем алдыруу аппаратына кошуп, реанимацияга жаткырышты. Биз дайыма жанында болуп жаттык. Врачтар колдорунан келгенин кылганын биз өзүбүз күбө болдук.
Аллахтын буйругу экен, Чубак ажы дүйнө салып кете берди.
Урматтуу туугандар, сөөк да муздай элек, билип-билбей ар түрдүү баа берип жаткандардан суранабыз, мындан саясат кылбасаңыздар.
Каргыш тийген илдеттин шартында кандай муктаждык жаралса, биз да ошо эреже менен акыркы сапарга узаттык.
Урматтуу туугандар, баардыгыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Сабырдуулук тилейбиз. Элибиз бул илдеттен аз чыгаша менен чыгып кетүүсүн Кудайдан тилейбиз!

Чубак устаздын достору:
Тойгонбек ажы Абдыкаров, Асан ажы Сыргабаев, Замир ажы, Асан ажы, Молдожаш ажы.

Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалилов 11-июлга караган түнү оор абалда Бишкектеги Улуттук госпиталга жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, Чубак ажыга эки тараптуу пневмония өрчүп, дем жетишсиздигинин үчүнчү даражасы деген диагноз коюлган. Мындан сырткары, бейтап кант диабетинен да жабыркап келген. Тилекке каршы, реанимациялык аракеттерге карабастан саат 2.50дө каза тапкан.

Аалымдын сөөгү 12-июлда кичи мекени Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында жерге берилди.