Президент
Президент Чүй облусун кыдырат
Элита плюс
Сентябрь 03, 2020 г.
Президент Чүй облусун кыдырат
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы бүгүн, Чүй облусуна иш сапары менен барат. Иш сапарынын алкагында ал Москва жана Жайыл райондорундагы жергиликтүү бийлик, сот органдары жана медицина мекемелериндеги санариптештирүүнүн жүрүшүнөн кабар алат. Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, кайра иштетүү ишканаларынын ишмердиги, калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.