Президент
Президент Билим күнүндө Бишкектеги №87 орто мектепке барды
Элита плюс
Сентябрь 01, 2020 г.
Президент Билим күнүндө Бишкектеги №87 орто мектепке барды
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков Билим күнүндө Бишкек шаарындагы №87 орто мектепке барды. Мамлекет башчысы ал жерден жалпы билим берүү системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты. Мектептин директору Жаңыл Исанова берген маалымат боюнча, мектепте окуучулардын келип-кетүүсүн каттап турган электрондук системасы (турникет), мектеп окуучуларынын жетишкендиктери жөнүндө электрондук күндөлүк киргизилген. Ошондой эле, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен онлайн сабактарды өткөрүү үчүн толук кандуу шарт түзүлгөн, класстар интерактивдүү такталар менен жабдылган. Ал ошондой эле, окуусун мектепте баштаган 1-класстын окуучулары үчүн бардык зарыл болгон санитардык талаптар эске алынгандыгын, класста социалдык дистанцияны сактоо менен бир партада бирден гана окуучу отурарын маалымдады. Биринчи класстын окуучулары менен баарлашууда Мамлекет башчысы аларды Билим күнү менен куттуктап, мектепте окуунун башталышы алардын жашоосундагы жаңы барак экендигин белгиледи. «Бул силер үчүн маанилүү жана майрамдык күн. Силер узун, татаал, бирок кызыктуу жана керектүү болгон билим жолуна сапарыңарды баштадыңар. Силерге ийгилик жана чыдамдуулукту каалайм», — деп каалоосун айтты Сооронбай Жээнбеков. Мындан сырткары, Президент 2-7-класстын окуучуларынын онлайн билим алуу процесси менен таанышып, алар менен баарлашты жана окууларына ийгилик каалады. Ал учурда пандемияга байланыштуу республиканын бардык мектептеринде билим берүү онлайн тартипте жүргүзүлүп жатканын, бирок кырдаал толугу менен турукташканда, балдар адаттагыдай эле мектепке бара башташарын кошумчалады.