Президент
Президент Баткенде өрүктү кайра иштетүү боюнча логистикалык борборун иши менен таанышты
Элита плюс
Август 12, 2020 г.
Президент Баткенде өрүктү кайра иштетүү боюнча логистикалык борборун иши менен таанышты
© Элита плюс

Кыргыз Республики Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында баткен өрүгүн кайра иштетүү жана сорттоо боюнча логистикалык борбордун жана текстиль фабрикасынын курулушунун долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Аталган долбоорлорду Баткен шаарынын өнөржай аймагында ишке ашыруу каралууда, бул максаттарга 4 га жер бөлүнгөн.

Ишкер Нурбек Осмонов маалымдагандай, жергиликтүү өрүктү кайра иштетүү боюнча долбоорго 8 млн АКШ долларына жакын инвестиция салынган.

Анын ишке кириши менен 200 жумушчу орду түзүлөт, ал эми жергиликтүү фермерлер өздөрүнүн продукциясы — даңазалуу Баткен өрүгүн сатууну жөнгө сала алышат. Жыл сайын 8 тонна өрүктү кайра иштетүү үчүн мүмкүнчүлүк пайда болот.

Ошондой эле анын маалыматы боюнча, текстиль фабрикасын куруу боюнча долбоордун жалпы суммасы дээрлик 6 млн АКШ долларына бааланууда.

2021-жылдан тартып фабрика Баткен шаарынын калкы үчүн кошумча 1000 жумушчу ордун түзүүнү жана жыл сайын 400 млн сомго жакын продукция чыгарууну пландаштырууда.

Жогорудагы долбоорлор боюнча курулуш иштерин толук бүткөрүү 2020- жылдын декабрына мерчемделүүдө.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов маалымдагандай, аймактын 9 айыл өкмөтүндө (айыл аймагы) инвестицияларды тартуу үчүн ушундай өнөржай аймактары түзүүлүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков баткен өрүгүн кайра иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча сунушуна инвестор Нурбек Осмоновдун көңүл бурганын канааттануу менен белгиледи.

«Эгерде жергиликтүү бийлик бардык шарттарды түзүп, жер бөлүп берсе, анда инвесторлор ал жерлерге өздөрү эле келишет. Мындай ишкерлерди биз өлкөнүн „алтын фонду“ катары баалашыбыз керек», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу Баткен облусунда жакшы башталыш болгонун кошумчалады.

«Баткен ар дайым менин жүрөгүмдө, мен ага өзгөчө көңүл бурам. Биз социалдык объектилердин санын жыл сайын көбөйтөбүз. Пандемия шартында айрым багыттарды каржылоонун кыскарышы аймактын социалдык-экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашырууга таасирин тийгизбейт», — деп деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү саясаты үчүнчү жыл катары менен мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп келе жаткандыгын жана анын негизги багыттарынын бири жергиликтүү ишкердикти колдоо экендигин дагы бир жолу эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул максаттарга өлкөнүн каржы институттары тарабынан бөлүнүүчү жеңилдетилген насыялардын көлөмү жыл сайын көбөйтүлүп жатканын белгиледи.