Коом
Президент аралыктан окутуу ыкмасына даярдыктын жүрүшү менен таанышты
Элита плюс
Апрель 02, 2020 г.
Президент  аралыктан окутуу ыкмасына даярдыктын жүрүшү менен таанышты
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-апрелде, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол берөө үчүн өлкө аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал жана айрым шаарлар менен райондорго киргизилген өзгөчө абал режиминин шарттарында билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Президент түзүлгөн кырдаал өсүп келе жаткан муундун интеллектуалдык потенциалынын өнүгүшүнө жана окуу процессине терс таасир этпеши керектигин өзгөчө белгиледи.

Бардык региондордо окуучулардын билим алышын толук масштабда камсыздоо үчүн алдыңкы санарип технологияларды колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Аралыктан окутуу ыкмасы окуучулардын ата-энелерине кошумча чыгымдарды алып келбеши керектигин кошумчалады. Мындай окутуу ыкмасынын сапатына өзгөчө көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков түзүлгөн кырдаалдан билим берүүдө санарип технологияларды колдонуу менен билим берүү тармагы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү таап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Президент баса белгилегендей, азыркы шарттагы чакырыктар - жогорку жана орто окуу жайлардын, жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин потенциалын текшерүү болуп саналат жана министрге бул мезгилде үзгүлтүксүз сапаттуу окуу процессин уюштуруу боюнча талаптардан тиешелүү жыйынтыктарды чыгаруу сунушталат.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бүгүнкү кырдаалды эске алуу менен үзгүлтүксүз окуу процессин камсыз кылуу боюнча тиешелүү аракеттер планы иштелип чыкканын, 8-апрелден тарта өлкөнүн бардык билим берүү мекемелери аралыктан окутуу ыкмасына өткөрүлөрүн маалымдады.

Аталган план боюнча 210 мугалим тартылып, телесабактарды өткөрүү каралган. Сабактардын жадыбалы иштелип чыгып, 1-4-класстар үчүн видео-сабактар КТРКнын «Баластан» каналына, 5-11-класстар үчүн ЭЛТР, «Пирамида», «5-канал», «Санат ТВ» каналдарына жайгаштырылат.

Ошондой эле 1-11-класстар үчүн окуу материалдарды, электрондук китептерди, кошумча адабияттарды, тапшырмалар менен видео-сабактарды жайгаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Мындан тышкары, ар кандай тематикадагы 400дөй окуу материалы электрондук форматка өткөрүлгөн. Муну менен катар окуучулардын «iBilim» (башталгыч класстар үчүн) жана «Билим булагы» мультимедиялык комплекстерин пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Өлкөнүн кесиптик-техникалык окуу жайлары менен ЖОЖдору дагы аралыктан окутулат.

Министр маалымдагандай, Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катталуунун мөөнөтү жылдырылган. Бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТга даярдануусу үчүн материалдар менен видео-сабактар да онлайн-ресурстарда бар. Ошондой эле 9- жана 11-класстардын окуучулары үчүн дистанттык экзамен тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.