Президент
Президент Ак-Суу районундагы айыл чарба кооперативине барды
Элита плюс
Август 04, 2020 г.
Президент Ак-Суу районундагы айыл чарба кооперативине барды
© Элита плюс
Президент Ак-Суу районундагы айыл чарба кооперативине барды
© Элита плюс
Президент Ак-Суу районундагы айыл чарба кооперативине барды
© Элита плюс
Президент Ак-Суу районундагы айыл чарба кооперативине барды
© Элита плюс
Президент Ак-Суу районундагы айыл чарба кооперативине барды
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков сапаттуу жана атаандаштык жарата алчу продукцияларды өстүрүү боюнча фермерлердин күч-аракетин бириктирүүгө өбөлгө болгон айыл чарба кооперациялары боюнча демилгелерди колдоонун маанисин белгиледи. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мындай пикири менен Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Заря» үрөнчүлүк боюнча айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда бөлүштү.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаратман эмгеги жана айыл жеринде жумушчу орундарын түзгөндүгү үчүн «Зарянын» жетекчиси Иван Чернышка ыраазычылыгын билдирди.

Мындан сырткары, аталган чарба ак ниет салык төлөөчү болуп саналат жана райондун, жалпы эле республиканын экономикасынын өнүгүшүнө сезилерлик салымын кошуп келет. Ошондой эле ар жыл сайын Теплоключенка айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө демөөрчүлүк жардам кылып, аларды жалпы суммасы 400-450 миң сомго айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен камсыз кылат.

«Айыл чарбасын өнүктүрүүгө, айыл жериндеги ишкерлерди колдоого мындан ары дагы олуттуу көңүл бөлүнөт», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү үчүн өлкөнүн каржы институттары тарабынан берилүүчү жеңилдетилген каражаттардын жеткиликтүүлүгүн белгилеп өттү. Ошону менен бирге өлкөнүн агрардык секторун өнүктүрүү үчүн бир катар кемчиликтерди жоюу зарыл.

«Заря» айыл чарба кооперативи Ысык-Көл облусун камсыз кылган буудай менен арпанын жакшыртылган сотторун өстүрүп келе жатат. Муну менен катар сугаруунун жаңы технологиясы колдонулууда.

Мындан сырткары, кооператив немец компаниясы менен кызматташууда картошканын жогорку сортун өстүрүп, аны жергиликтүү фермерлерге таратат.

Көп жылдык өндүрүштүн натыйжасында кооператив 2014-жылы «Кыргызстандагы алдыңкы салык төлөөчүсү» деп таанылып, Кыргыз Республикасынын бюджетине салым кошкондугу үчүн атайын белги менен сыйланган. Мындан сырткары, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн кооперативге «Асыл тукум мал чарбасы» аттуу макам ыйгарылган. Бул жерде кой, уй, топоз жана жылкы багылат.

Бүгүнкү күндө кооперативде 172 адам эмгектенет.