Президент
Президент "Ак-Ордо" конушундагы күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди
Элита плюс
Март 05, 2023 г.
Президент "Ак-Ордо" конушундагы күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди
© Элита плюс

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, "Ак-Ордо" конушуна пландан тышкары барып, жакында эле соттун чечими менен үйү түрттүрүлүп жана балдары менен барар жери жок калган Марал Шараболотова менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал маалымдагандай, бул кабар коомчулукта чоң резонанс жаратып, буга байланыштуу мамлекет башчысы маселени жеринде териштирүүнү чечкен.

"Садыр Жапаров окуянын чоо-жайын сураштырып, жергиликтүү тургундар менен баарлашты.

Аялдын үй-бүлөсү жер тилкесин он жылдай мурун ишеним кат менен сатып алып, салган үйдө жолдошу жана жашы жете элек төрт баласы менен жашап келген. 2017-жылы мораторий маалында ушул эле тилкеге башка тараптар кызыл китеп алышкан.

Соттук органдар аялдын курулушун мыйзамсыз деп таап, аны бузуу чечимин кабыл алышкан.

Абийирсиз тараптардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында бул сыяктуу көйгөй көпчүлүк жарандарда болууда", - дейт президенттин маалымат катчысы.

Султанбаев президент териштирүү жүргүзүү жана бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын бергендигин кошумчалады.