Саясат
Премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер Артём Новиков аткарат
Элита плюс
Ноябрь 15, 2020 г.
Кыргыз Республикасынын премьер-министрлик кызматынын ыйгарым укуктары президенттик шайлоонун жыйынтыгы аныкталганга чейин токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 19-беренесине ылайык премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруу биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковго жүктөлдү.