Саясат
Премьер-министр: "Өз убагында медициналык кызматтарга кайрылыңыздар"
Элита плюс
Октябрь 01, 2020 г.
Премьер-министр: "Өз убагында медициналык кызматтарга кайрылыңыздар"
© Элита плюс

Өкмөт үйүндөгү брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов жарандарды өз убагында медициналык кызматтарга кайрылууга чакырды.

Боронов коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 миң 841ге жеткенине токтолду.

"Жаңы учурлардын саны күндөн күнгө көбүрөөк катталып жатканын көрүп жатасыздар. Бүгүн 172, анын ичинен ковиддин көрсөткүчү көбүрөөк болуп жатат – 112, пневмония – 60. Бул сандар коркутуу үчүн эмес, эпидемиологиялык кырдаал көңүлдөн тышкары калбаса экен деген ойдо берип жатабыз. Бул кырдаал бизди өтө кооптондурууда. Ошол эле мезгилде оору мындан ары да сезондуу сасык тумоо жана курч респиратордук оорулардын айынан коронавируска байланышкан эпидкырдаал күчөй турган болсо, анда баарыңыздарды паникага алдырбоого чакырам", - деди премьер.

Анын айтымында, кайсы гана мамлекет болбосун, оорунун күчөгөн мезгилинде дары-дармектер боюнча маселе жаралган.

“Азыркы эпидкырдаалда дары-дармектер боюнча маселенин кайталанышына жол бербешибиз керек. Ошондуктан, урматтуу мекендештер, сиздерден суранарыбыз – июль айындагы дүрбөлөңгө алдырбоону суранабыз! Бүгүнкү күндө ар бир фарм компанияларга дары-дармектерди үзгүлтүксүз алып келип туруусу боюнча жана кийинки алынып келе турган мүмкүнчүлүктөрү боюнча убагында маалыматтар алынып жатат. Мамлекеттик материалдык резервдер фондуда 65 аталыштагы дары-дармектин запасы даярдалып баштады”, - дейт ал.