Саясат
Премьер-министр: "Шайлоо тынч өтүшү керек"
Элита плюс
Октябрь 04, 2020 г.
Премьер-министр: "Шайлоо тынч өтүшү керек"
© Элита плюс

Премьер-министр Кубатбек Боронов өлкө аймагындагы баардык участкалар Кыргыз Республикасы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпысынан 2 миң 475 шайлоо тилкеси даярдалган. «Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен тиешелүү иш-чара жүргүзүлдү. Биз күн мурун Штабда шайлоо тилкелеринин даярдыгы жөнүндө толук ыкчам маалымат алдык», - деди ал.

Боронов кайсы партия жеңишке жетет, же кайсы партия утулуп калат деп божомолдобой тургандыгын белгиледи. «Биз бүгүн алдыдагы беш жылга эл өкүлдөрүн тандайбыз. Татыктуу партиялар өтсүн. Шайлоо тынч жана таза өтүшү керек. Шайлоого катышуу ар бир жарандын Конституциялык укугу», - деди премьер.

Премьер кайсы партия колдогондугун ачыктаган жок. Өкмөт башчы өзүнүн жарандык милдетин Бишкек шаарындагы №62 мектепте жайгашкан шайлоо участогунда аткарды.