Саясат
Премьер-министр Садыр Жапаров өкмөт аппаратынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү
Элита плюс
Октябрь 12, 2020 г.
Премьер-министр Садыр Жапаров өкмөт аппаратынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА
Парламенттин депутаттар тобу тарабынан премьер-министр болуп бекитилген Садыр Жапаров өкмөттүк аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалым болгондой, Жапаров өлкө «ири саясий жана экономикалык реформалардын алдында тургандыгын» белгиледи.
 
"Өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү үчүн стабилдүүлүктү сактоо маанилүү. Бардык мамлекеттик органдар туруктуу режимде иштеши керек. Биздин алдыбызда турган милдеттер, анын ичинде мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана бизнести колдоо боюнча иш-чараларды кыска убакыт ичинде  жүзөгө ашыруу керек,"-деди ал.
 
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде:
 
-күз-кыш мезгилинин туруктуу өтүшүн камсыз кылуу;
-коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды көрүү;
-бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууну уюштуруу;
-донордук уюмдар менен жолугушуу өткөрүү жөнүндө;
-социалдык төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүшүн камсыз кылуу;
-салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча программаларды ишке ашыруу жөнүндө;
-коомдук  жайлардын жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча.