Саясат
Бишкек жана Ош шаарына 100 орундуу оорукана курулат
Элита плюс
Июль 21, 2020 г.
Бишкек жана Ош шаарына 100 орундуу оорукана курулат
© Элита плюс

Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукананы куруу иштерин тез арада баштоо керек. Мындай тапшырманы Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Премьер-министр белгилегендей, эки шаарда курула турган ооруканалардын орду жана долбоору даярдалууда.

«Бишкек жана Ош шаарларында ооруканалардын курулушун ушул жуманын ичинде баштоо керек. Бул иштерге Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жооптуу. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги аталган медициналык мекемелерди тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылуусу зарыл», - деди Кубатбек Боронов.

Республикалык штабдын отурумунда өлкө аймактарында колдонулбай турган бош имараттардын багыты өзгөртүлүп, ооруканага ылайыкташтырылары дагы айтылды.

«Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттиги менен биргеликте колдонулбай турган имараттарды тез арада оңдоп-түздөөдөн өткөрүүгө тийиш. Алар бир айдын ичинде медициналык мекеме катары иштей башташ керек. Ооруканалар 100 бейтапка ылайыкталып, анын ичинен 25-30у реанимациялык орун болсун», - деди Өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө Республикалык ыкчам штаб тарабынан берилген аймактарда кошумча орундарды даярдоо боюнча тапшырманын аткарылышы талкууланып, Премьер-министр Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын жетекчилеринин бул багыттагы ишине сын айтты.

Ошондой эле отурумда тармактык мамлекеттик органдарга эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан иш аракеттерди күчөтүү тапшырмасы берилди.