Дүйнөдө
Перуда вакцинаны сыноого 6000 киши катышат
Элита плюс
Август 22, 2020 г.
Перуда вакцинаны сыноого 6000 киши катышат
© Элита плюс

Перунун Перзиденти Мартин Вискарра КОВИД-19га каршы вакцинаны сыноого 6000 киши ыктыярдуу түрдө катышаарын билдирди. Ошондой эле кытайлык “Sinopharm” компаниясы 24-август күнү бул өлкөдө вакцинаны клиникалык сыноодон өткөрөрүн ошумчалады. Вискарранын айтымында, өлкө Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун дүйнөлүк калктын кеминде 20 пайызын эмдөө боюнча глобалдык демилгесинин бир бөлүгү болот. Бул болжол менен 6,6 миллион перулук эмдөөдөң өтөт дегендик. Перу дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы өлкөлөргө таандык 5 лаборатория менен сүйлөшүүлөдү жүргүзүп жатат. Өлкө коронавируска каршы 30 миллион даана вакцинаны өндүрүүнү көздөгөн. Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча учурда Перуда 56 миңге чукул киши тумоону жуктуруп алган. Алардын 27 миңге жакыны каза болгон.