Президент
Периздент: "Бардык айылдар таза суу менен камсыз болот"
Элита плюс
Август 22, 2020 г.
Периздент: "Бардык айылдар таза суу менен камсыз болот"
© Элита плюс

Бүгүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн облустарына жасаган сапарларынын жана жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуулардын жыйынтыктары жөнүндө айтып берди. Иш сапарларынын жүрүшүндө ишке ашырылып жаткан аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаты, анын ичинде калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык тутумдарды оңдоо жана калыбына келтирүү жөнүндө айтып бергенин баса белгиледи. «Таза суу боюнча буга чейин айтканымдай, менин президенттик мөөнөтүм бүткөнчө бул долбоор Кыргызстандын бардык аймактарында ишке ашырылып бүтөт. Ал күчүндө, бул багытта иш кылып жатабыз», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Экинчи чоң маселе, элет жериндеги айыл чарбасында, айыл жеринде дыйкан-фермерлерди сугат суусу менен камсыз кылуу экенине токтолду. Мамлекет башчысы жер-жерлерде аталган долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүн жактырды. Ал Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы 2026-жылга чейин деп кабыл алынганын, 3 этаптан туруп, анын ичинен экөө 2024-жылдын соңуна чейин ишке ашырыларын белгиледи. Президент ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттик каражаттардын көбөйтүлөрүн, ошондой эле, эл аралык өнөктөштөрдөн, донорлордон көбүнчө грант түрүндөгү каражаттар тартылып жатканын кошумчалады. «Узак мөөнөттүү 35-40 жылга эң төмөнкү пайыздуу кредиттерди алганга аракет жасап жатабыз. Бул иш алдыга жылды. 2019-жылы жалпысынан 12 объектте куруу иштери башталган. Эки объектиде курулуш иштери толук аяктады. 2020-жылы 6 объектиде курулуш иштерин бүтүрүү пландалган, 219 млн сомго курулуш иши аткарылды. Пандемия бюджетке терс таасирин тийгизди. Бирок, ошого карабастан, тышкы донорлордон, финансылык институттардан каражаттарды токтотпой берип жатабыз. Мен тынбай айтып келатам, ирригацияны оңдоо менин жеке көзөмөлүмдө. Анткени, бул улуттук тамак-аш коопсуздугу, жаңы жумуш орундарын көбөйтүү, элди айыл жеринде кармап калуу, ички жана тышкы миграцияны азайтуунун негизги жолдорунун бири», - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.