Коом
Пенсиялар өз учурунда жана толук көлөмдө берилет
Элита плюс
Декабрь 18, 2020 г.
Пенсиялар өз учурунда жана толук көлөмдө берилет
© Элита плюс

Бардык кепилденген социалдык төлөмдөр, анын ичинде пенсиялар өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөнүп берилет. Пенсияларды төлөө боюнча кармоолор болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Социалдык фонддун маалыматы боюнча, 2020-жылдын декабрь айы үчүн пенсияларды төлөөгө 4 миллиард 156 миллион сом керектелет. Ушул жылдын 18-декабрына карата пенсияларды төлөө 95 пайызга каржыланган жана жакынкы күндөрү белгиленген графикке ылайык, бардык пенсиялар толук көлөмдө каржыланат.

2021-жылдын январында да пенсияларды каржылоо өз учурунда жана толук көлөмдө ишке ашырылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында 2020-жылдын аягында социалдык жөлөк пулдардын көлөмүнүн 2 миллиард сомго кыскарышы күтүлүп жатканы айтылган.