Дүйнөдө
Пенсионер 5 сааттын ичинде 10 килограммга арыктады
Элита плюс
Сентябрь 17, 2020 г.
Пенсионер 5 сааттын ичинде 10 килограммга арыктады
© Элита плюс

Дагестандык пенсионер 5 сааттын ичинде дээрлик 10 килограммга арыктады. Анын бул жасаган жетишкендиги тасмага тартылып, Россиянын Рекорддор китебине жөнөтүлдү. Дагестандын Махачкала шаарында жашаган пенсионер арыктоо боюнча рекорд жасады. 66 жаштагы Багама Айгубов 5 саат жүгүргөндөн кийин 9,3 килограммга арыктаганын аймактык дене тарбия жана спорт башкармалыгы жарыялаган. Спорт ардагери чуркоонун алдында таразага тартылганда 88 кг болчу. Анын ден соолугуна дарыгерлер көз салып турушту. Багама Айгубов - Дагестан спортунун ардагери, Россиянын, Европанын жана дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүсү, ошондой эле бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси. Кесиби боюнча тиш доктур. Мындай жыйынтыктан кийин ага Россиянын Рекорддор китебинин сертификаты тапшырылып, кадрлар Гиннестин рекорддор китебине жөнөтүлдү