Парламент
Паспортунун мөөнөтү аяктаган жарандар добуш бере алат
Элита плюс
Сентябрь 18, 2020 г.
Паспортунун мөөнөтү аяктаган жарандар добуш бере алат
© Элита плюс

Учурда чет өлкөлөрдө жүргөн, паспортунун мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин аяктаган кыргызстандык жарандарга шайлоодо добуш берүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ал үчүн жарандын паспортунун жарактуу мөөнөтүн 31-декабрга чейин узартуу талап кылынат. Паспорттун жарактуу мөөнөтүн жаран өзү жашаган өлкөдөгү элчилик, консулдуктарга кайрылып узартса болот. Паспортко басылган атайын мөөр жарандын паспортуна жарактуу деген макам берет. Мындай макамдагы паспортко ээ жарандар 4-октябрда парламенттик шайлоодо добуш берүү укугуна ээ болушат. Кыргызстандагы быйылкы парламенттик шайлоого байланыштуу чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу ачылган. Чет жакта ачылган шайлоо тилкелеринин көпчүлүгү - Орусияда. Быйыл Италиядагы жана Франциядагы кыргызстандыктар алгачкы жолу добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Буга чейин БШК кыргызстандык шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу үчүн Рим жана Париж шаарларында добуш берүү участокторун ачуу макулдашылганын билдирген. Учурда чет өлкөлөрдө жүргөн 1 миллиондон ашуун кыргызстандыктардын 13 321и гана добуш берүү укугуна ээ. Алардын алты миңден ашууну Орусияда. Январь-август айларында Орусиянын ИИМне караштуу Миграция кызматынын каттоосуна 380 миң кыргызстандык каттоого турган. Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин маалыматына караганда учурда Орусияда туруктуу иштеген кыргызстандыктардын саны 700 миңдин айланасында.