Парламент
Парламенттик шайлоого кайрадан 456 миллион 70 миң сом сарпталат
Элита плюс
Октябрь 21, 2020 г.
Парламенттик шайлоого кайрадан 456 миллион 70 миң сом сарпталат
© Элита плюс

20-декабрга белгиленген парламенттик шайлоого 456 миллион 70 миң сом сарптоо пландалууда. Бул тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

"Кайра өтө турган шайлоонун сметасынын долбоору 456 миллион 70 миң сомду түзөт. Бул боюнча Финансы министрлигине билдирүү жибердик. Мындан тышкары Өкмөткө каржы жана башка консультациялык иштер боюнча биргелешип иш алып барууга даярбыз деп маалымат бердик", — деди төрайым.