Парламент
Парламенттик шайлоого байланыштуу Тышкы иштер министрлигине 10 млн сом бөлүндү.
Элита плюс
Сентябрь 03, 2020 г.
Парламенттик шайлоого байланыштуу Тышкы иштер министрлигине 10 млн сом бөлүндү.
© Элита плюс

Алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу Тышкы иштер министрлигине 10 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.

"Чет жерде жүргөн жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу үчүн Тышкы иштер министрлигине 10 млн сом бөлүнүп берилди. Бүгүнкү күнү жалпы 2 миң 462 участкалык шайлоо комиссиясы иштеп жатат. Анын ичинде өлкө сыртында 44 шайлоо тилкеси бар", - деди ал.

Анын айтымында, быйыл 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн БШКга 722,9 млн сом бөлүп берүү каралган