"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Саясат
Парламентте жаӊы депутат Шералы Абдылдаев ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришти
Элита плюс
Март 31, 2021 г.
Парламентте жаӊы депутат Шералы Абдылдаев ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришти
© Элита плюс

Жогорку Кеӊеш жыйынында «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Абдылдаев Шералы Итибаевич ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал депутаттык мандатынан ажыратылган Өмүрбек Текебаевдин ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Талант Мамытов Шералы Абдылдаевди жалпы депутаттардын атынан эл өкүлү болушу менен куттуктап, анын мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.