Коом
Пандемия учурундагы экономикалык абал
Элита плюс
Август 20, 2020 г.
Пандемия учурундагы экономикалык абал
© Элита плюс

Пандемияга байланыштуу көпчүлүк өлкөлөрдө экономиканын өсүшү басаңдаган, дүйнө жүзүн каптаган вирус Кыргызстан менен Россиянын экономикасына да катуу сокуу урду.
Бул тууралуу, Евразия Өнүктүрүү Банкынын макроэкономикалык баяндамасында айтылат. Анда ата мекендик товарларга тышкы суроо-талаптын аздыгынан ички дүң өнүмгө олуттуу таасир эткен. Мындан улам, эсептөөлөр жүргүзүлүп Белоруссияда 3,1-3,2%га, Казакстанда -6%га ички дүң продукцияга терс таасирин тийгизген. КМШ мамлекеттеринин ичинен жалгыз Тажикстанда гана өндүрүштүн өсүшү сакталып калган. Бирок, ошентсе да пандемия экономикага зыян келтирген.