Коом
Пандемия шартында экономикалык көрсөткүч
Элита плюс
Сентябрь 25, 2020 г.
Пандемия шартында экономикалык көрсөткүч
© Элита плюс

Пандемия шартында дүйнөдөгү өлкөлөрдүн катарында Кыргызстанда дагы экономикалык көрсөткүч солгундады. Бул тууралуу маалымат жыйында Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди. Экономика министрлиги дайыма экономикалык абалга байкоо салып, абалды талдап турат. Адистер быйылкы жылдын жыйынтыгы менен экономикадагы төмөндөө 5,6 пайызды түзөрүн белгиледи. Быйыл Кыргызстанда экономиканын эки тармагы өссө, эки тармагында төмөндөө байкалган. Алсак, айыл чарба тармагында көрсөткүч - 1,8 пайызга, өндүрүштө - 0,2 пайыз жогорулаган. Ал эми курулуш жаатында өсүш – 7,8 пайыз жана тейлөө тармагында 9,8 пайыз төмөндөгөн. Экономиканын солгундашына өнөктөш өлкөлөргө болгон байланыштардын жайлашы, кыймылга болгон чектөөлөр, кыргыз товарларына суроо-талап азайышы өңдүү көрүнүштөр терс таасирин тийгизүүдө.