Дүйнөдө
Пакистанда көп кабаттуу турак үй кулады
Элита плюс
Сентябрь 11, 2020 г.
Пакистанда көп кабаттуу турак үй кулады
© Элита плюс

 

Пакистандын түштүгүндөгү Карачи шаарында эки кабаттуу турак үй урап, бир адам каза болду. Дагы төртөө жаракат алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Пакистандагы жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Пакистандын өзгөчө кырдаалды жөндөө мекемесинин кызматкерлери урандынын алдында калгандарды издөө жана куткаруу иштерин улантууда. Куткаруучулар бир нече кишини аман алып чыгышты. Кыйраган үйдүн тегереги курчоого алынды.  Белгилей кетсек, Пакистанда бул өңдүү кырсык бат-баттан болуп турат. Анткени имараттардын көпчүлүгүндө чыгымдарды азайтуу максатында арзан курулуш материалдары колдонулуп, коопсуздук эрежелери көз жаздымда калууда. Июнь айында эле Карачи шаарында ушундай эле кырсык катталып, натыйжада 22 адам көз жумган. Мындан тышкары, март айында дагы бир көп кабаттуу үй кулап, кеминде 11 адамдын өмүрүн алган.