Коом
Пакистан Кыргызстандагы Улуттук банкынын филиалын жабат
Элита плюс
Ноябрь 04, 2020 г.
Пакистан Кыргызстандагы Улуттук банкынын филиалын жабат
© Элита плюс

Пакистан Ислам Республикасынын мамлекеттик деп эсептелген Улуттук банкынын Бишкек шаарындагы филиалы жабылат. Бул тууралуу маалыматты банктын операциялык иштер боюнча менеджери Жылдыз Табалдиева тастыктаган.

Анын маалыматы боюнча, буга банктын бизнес-стратегиясы өзгөргөнү себеп болуп жатат. Мындай чечим директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынды.

«Бул Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал, экономикалык абал менен байланыштуу эмес. Финансылык абал туруктуу. Пакистандын Улуттук банкы Борбор Азия аймагынан кетүүнү чечти», - деди Ж.Табалдиева.

2020-жылдын 31-октябрына карата Кыргызстандын аймагында 23 коммерциялык банк ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.