Коом
"Пакистан-Кыргызстан" соода үйүн түзүү боюнча келишимге кол коюлду
Элита плюс
Март 16, 2023 г.
"Пакистан-Кыргызстан" соода үйүн түзүү боюнча келишимге кол коюлду
© Элита плюс

Кыргызстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзу менен Пакистандын "Глобалдык бизнес альянс" уюмунун ортосунда "Пакистан-Кыргызстан" соода үйүн түзүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттуктагенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, келишимге бүгүн, 16-мартта Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан – Пакистан соода жана инвестициялык  форумунун жүрүшүндө кол коюлду.

Келишимге кол коюу аземинде КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Кыргызстан менен Пакистандын бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкердик мамилелерди чыңдоо үчүн бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Белгиленгендей, иш-чарага билим берүү, саламаттыкты сактоо, мейманкана бизнеси, архитектура жана курулуш, маалымат технологиялары, логистика жана эл аралык транспорт сыяктуу тармактардан 40тан ашык компаниялардын өкүлдөрү катышууда.

"Бүгүнкү иш-чара ишкерлер үчүн кызматташууну активдештирүү жана ийгиликтүү жана жемиштүү B2B жолугушууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
Форумдун жүрүшүндө ошондой эле Кыргызстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзу менен Пакистандан келген "Глобалдык бизнес альянс" уюмунун ортосунда "Пакистан-Кыргызстан" соода үйүн түзүү боюнча келишимге кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.