Дүйнөдө
"Оскар" сыйлыгын берүүдө жаңы талаптар кирди
Элита плюс
Сентябрь 10, 2020 г.
"Оскар" сыйлыгын берүүдө жаңы талаптар кирди
© Элита плюс

Америкалык "Оскар" киноакадемиясы "Эң мыкты фильм" наамын ыйгарууга байланыштуу жаңы талаптарды киргизди. Билдирүүдө талаптар "расалык, сексуалдык жана башка азчылыктардын өкүлдөрүнө экранда адилеттүү орун берилишин" камсыздай тургандыгы маалымдалган.

Ага ылайык, башкы же экинчи пландагы ролду кара терилүү, азиат, латын америкалык, Жакынкы Чыгыштын же жалпы эле башка бир расалык же улуттук топтун өкүлү ойноого тийиш. Актерлордун 30% аялдар, расалык же этникалык жана башка азчылыктардын өкүлдөрү, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар болушу шарт. Фильмдин негизги мазмуну же темасы да аталган топтордун көйгөйүнө тийиштүү болушу керек. Азчылыктардын өкүлдөрү тасмада гана эмес, аны тартуучу топто, менеджментте иштегени да эске алынат.

Жаңы талаптар 2024-жылдан тарта иштей баштайт.

2022-2023-жылдары кинокомпаниялар сыйлыкка сунуштачу тасмалары бул талаптарга жооп берерин тастыктаган документтерди киноакадемияга тапшырышы абзел. "Жылдын мыктысы" наамына ат салышкан тасмаларда жогорудагы талаптардын кеминде экөө аткарылууга тийиш.

Америкалык киноакадемиянын сыйлыгын 1929-жылы «Metro-Goldwyn-Mayer» киностудиясынын башчысы Луис Барт Майер негиздеген.

Америкалык киноиндустриясын өнүктүрүү максатында негизделген сыйлык 1940-жылдары “Оскар” деген аталышка ээ болгон. “Оскар” сыйлыгы жыл сайын Американын Лос-Анжелес шаарында, “Долби” театрында өтөт. Иш-чара дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө көрсөтүлөт.