Коом
Оштогу базарлар дезинфекциялоо иштерине жабылат
Элита плюс
Июнь 19, 2020 г.
Оштогу базарлар дезинфекциялоо иштерине жабылат
© Элита плюс

22-июнда Ош шаарындагы базарлар, Келечек базары бир күнгө жабылып, дезинфекцияланат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. 

Андан тышкары шаардагы кичи базарларда да дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Ал боюнча Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтарга тапшырма берген.

“Шаардагы базарларда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, рейддер өтүүдө. Базарларда беткапсыз жүргөн адамдардын саны көбөйүп, кайдыгерлик мамиле жасалууда. Ош шаарынын мэриясы жарандарды санитардык-гигиеналык талаптарды сактоого чакырат”, – деп билдирет Ош шаарынын мэриясы.