Коом
Ошто жер титиреди
Элита плюс
Апрель 03, 2020 г.
Кыргызстандын аймагында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 3-апрелде саат 13:10да катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Кара-Суу районунун Лангар айылында 2 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.