Коом
Ошто жаш кыз көпүрөдөн секирип кетти
Элита плюс
Март 26, 2021 г.
Ошто  жаш кыз көпүрөдөн секирип кетти
© Элита плюс
25-март  күнү саат 17:45 чамасында, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында орун алган дача участкасында белгисиз атуул бийиктиктен өзүн-өзү боюн таштап каза болгондугун Ош ШИИБдин Нөөмөт бөлүмүнө билдирген.
25-мартта Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 136-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен Кара-Суу РИИБдин КЖБРне катталган.
Аталган сотко чейинки өндүрүш иш боюнча, Кара-Суу РИИБдин У.Алиев атындагы Нариман АМБнүн ыкчам тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталды: 2021-жылдын 25-март күнү болжол менен саат 17:00 чамасында, Россия Федерациясынын жарааны 26 жаштагы З. Т. Э., Төлөйкөн айыл аймагында орун алган Дача участкасында жайгашкан көпүрөдө белгисиз жагдайда бийиктиктен түшүп кетип, Т.З окуя болгон жерде каза болгондугу аныкталган.
Ыкчам тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяны ар тараптуу териштирүү боюнча РИИБнүн Тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Маркум Т.З жөнүндө маалымат: Россия Федерациясынын жараны, улуту кыргыз, 2020-жылдын май айында Ош шаарында жайгашкан Ош Мамлекеттик Университетинин медицина факультетинин 6-курсун аяктап, 2020-жылдын октябрь айларында Россия Федерациясынын Тюмень облусунда жашаган ата-энесине кетип, 2021-жылдын 24-март күнү саат 04:30 минутада Москва шаарына келген, жогорку билимдүү, бойдок.