Коом
Ошто жасалма дем алдыруучу аппарат өндүрүлө баштады
Элита плюс
Июль 28, 2020 г.
Ошто жасалма дем алдыруучу аппарат өндүрүлө баштады
© Элита плюс

Ош облусунда жасалма дем алдыруучу аппарат өндүрүлө баштады. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйындапремьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Өткөн аптада Ош обусуна барып келдим. Ал жактан жаңы ачылган машина куруучу заводдун алкагында жасалма дем алдыруучу аппараттарды чыгаруу жолго коюлуптур. Сыноодон өтө турган болсо ата мекендик өндүрүштөгү жасалма дем алдыруучу аппараттарды колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт",- деди ал.