Аймактар
Ошто заманбап таштанды контейнерлери орнотулууда
Элита плюс
Сентябрь 17, 2020 г.
Ошто заманбап таштанды контейнерлери орнотулууда
© Элита плюс

Ош шаарында заманбап таштанды сала турган контейнерлерди орнотуу иштери жүрүп жатат. Шаар мэриясынан билдиргендей, алар шаардын борбордук көчөлөрүндө орнотулат. Азыркы тапта Курманжан-Датка көчөсүндөгү кесилиштерге жана жол четинде шаар тургундары жана соода объектилери тарабынан таштандылар мыйзамсыз чогултулган жерлерге 9 даана контейнер орнотулду. «Ош Тазалык» муниципалдык ишканасы жалпы 360 даана контейнерди кабыл алган. Мындан тышкары жергиликтүү тургундарга таштандыларды атайын челектерге салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.