Коом
Ошто сувенир катары колдонулуучу акчага дары-дармек сатып алып жүргөн 16 жаштагы өспүрүм кармалды
Элита плюс
Декабрь 18, 2020 г.
Ошто сувенир катары колдонулуучу акчага дары-дармек сатып алып жүргөн 16 жаштагы өспүрүм кармалды
© Элита плюс

Ошто сувенир катары колдонулуучу акчага дары-дармек сатып алып жүргөн 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 16 жаштагы шектүүнүн үстүнөн 10 жаран арыз жазган.

"Ош шаарынын 22 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 9-декабрь күнү саат 01:40 чамасында дарыканалардын биринде кебетеси азиялык болгон жашы 20-25 чамаларындагы жаран кирип эки миң сом жасалма акчага соода кылып кеткендигин билдирген. Мындан сырткары ушундай эле арыз менен Ош шаарынын 9 тургуну кайрылган.

Факты боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 16-декабрь күнү Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 16 жаштагы С.Б. аттуу тургуну кармалды.

Шектүү Ош шаарына досу менен косметика сатуу үчүн келгенин, жанында сувенир катары колдонуп жүргөн эки миң сом акчага аз суммадагы дары алып, кайтарымын чыныгы акча түрүндө алганын сурак учурунда айтып берди. Мындан сырткары Бишкектеги сувенир саткан дүкөндөн бир таңгак эки миң сомдук сувенир акча салдырып, Ош шаарындагы дарыканаларга өткөрүп жүргөнүн белгиледи. Учурда иликтөө иштери уланып жатат", - деп айтылат маалыматта.