Коом
Ошто социалдык шаарча түптөлүүдө
Элита плюс
Июнь 22, 2020 г.
Ошто социалдык шаарча түптөлүүдө
© Элита плюс

Оштун Куршаб айылында социалдык шаарча түптөлүп жатат. Ага аймактагы социалдык колдоого муктаж болгон 100 үй-бүлө жайгашат. Демөөрчүлөрдүн эсебинен курулуп жаткан үйлөр муниципалдык шартта берилет. Бул үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Курамында соц кызматкер бар комиссиялык топ, үйдү аймактагы көп балалуу, турмуш-шарты оор жана жалгыз бой энелердин муктаждыгына жараша бөлүштүрөт. Шаарчада кыз-келиндер үчүн тигүү цехи, дүкөн, бала-бакча каралган.