Аймактар
Ошто сел жүрдү
Элита плюс
Июль 22, 2020 г.
Ошто сел жүрдү
© Элита плюс

21-июль күнү кечки сегиздер чамасындагы нөшөрлүү жаандан улам, Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө сел жүрдү. Араванская, Шейит-Дөбө жана Он-Адыр аймактарындагы арык-лотоктордон ашкан суу автоунаа жолдоруна жайылган. Ошол эле учурда, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруучулары тарабынан жеринде селдин алдын алуу чараларын көрүшту.