Аймактар
Ошто оорукананын курулушу жүрүүдө
Элита плюс
Август 12, 2020 г.
Ошто оорукананын курулушу жүрүүдө
© Элита плюс

Ош шаарында, 100 орунга ылайыкташкан жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу план боюнча жүрүүдө. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аткарылган иштер боюнча: эски имаратын бузулушу - 100%, реанимация бөлүмүнүн пайдубалдарынын бетон иштери - 40%, 1-бөлүмчөнүн - 20% жана 2 – бөлүмчөнүн - 20% иштери аткарылган. Объектте 70 адам жана 7 атайын техника ишке тартылган. Белгилей кетсек, жалпы аянты 2627,7 чарчы метрди түзгөн ооруукана тез курулуучу конструкциялардан курулат. Долбоор боюнча лабораториялык медициналык жай, реанимация бөлүмү жана чоң кишилер үчүн жугуштуу ооруулардын дартын аныктоочу, ошондой эле дарылоочу 2 бөлүм болот.