Аймактар
Ошто мыйзамсыз акча алмаштырган жарандарга айып салынды
Элита плюс
Май 15, 2023 г.
Ошто мыйзамсыз акча алмаштырган жарандарга айып салынды
© Элита плюс

КР Улуттук банкы мыйзамсыз акча алмаштырган үч жаранга айып салды. Бул тууралуу Улуттук банкттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук банктын Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кыргызстандын үч жараны С.Ш.У., С.С.А. жана А.А.А.га лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн ар бирине 17 миң 500 сомдон айып салынган.