Коом
Ошто милициянын кайгуул кызматына кызматкерлерди тандоо улантылууда
Элита плюс
Декабрь 19, 2020 г.
Ошто милициянын кайгуул кызматына кызматкерлерди тандоо улантылууда
© Элита плюс

17-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгына боюнча Милиция кайгуул кызматы бөлүмүнө калган 90 бош кызмат ордуна талапкерлерди тестирлөө болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-тур башталгандан бери 397 талапкер арыздарды жана билдирмелерди тапшырышты, алардын ичинен 243ү жарандар болушат.

"Ал эми тестирлөөгө 244 талапкердин катышуусуна уруксат берилип, бирок алардын 205и гана катышкан. Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун жыйынтыгы боюнча 172 талапкер тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, 33ү өтпөй калган.

21-22-декабрь күндөрү сынактын комиссиясы Ош шаарында жайгашкан Акматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо тесттен ийгиликтүү өткөн талапкерлерден жаш курактык топторго ылайык дене тарбия боюнча нормативдерди кабыл алат. Нормативдерди тапшырууга 308 талапкердин катышуусуна уруксат берилди. Талапкерлер тестирлөөнүн жыйынтыктары менен Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун сайтынан жана ИИМдин сайтынан таанышса болот", - деп жазылат маалыматта.

Тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, дене тарбия боюнча стандарттарга кабыл алынган талапкерлер, тизме боюнча кечикпестен 21-22-декабрда Ош шаарынын Карл Маркс көчөсү №1 дарегине келүүсү зарыл.