Ошто коронавируска каршы эмдөө башталды
Элита плюс
Март 29, 2021 г.
Ошто коронавируска каршы эмдөө башталды
© Элита плюс

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарындагы №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалында коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Оштун вице-мэри Эмил Шадыханов эмдөөнүн биринчи этабынын жүрүшү менен таанышты. Ага ылайык, биринчилерден болуп Ош шаарынын медицина кызматкерлери эмделет.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин планына ылайык, алгач медицина кызматкерлери, мугалимдер, андан тышкары, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коронавирус каршы эмдөөдө өтүшөт.

Ош шаардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №1 филиалынын башкы дарыгери Мукарам Мондуеванын айтымында, Ош шаарына Кытайда чыгарылган «Синофарм» вакцинасынын 300 дозасы келген, бул менен биринчи этапта 150 адам эмделет.